㽶Ӱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ жаңылыктары

Results: 4284

13
Sep
 
БААУда акысыз юридикалык жардам: калктын бардык катмарлары үчүн консультациялар
БААУнун “Эл аралык бизнес укук” департаментинин юридикалык клиникасы укуктун көптөгөн тармактарында жарандарга акысыз бекер квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт: жарандык укук, эмгек укугу, үй-бүлөлүк укук, мураскерлик укук, ишкерлик, административдик укук, социалдык камсыздоо укугу.
10
Sep
 
Альбина Дастанова Чычкандагы жайкы лагерь тууралуу
Августта Тянь-Шань аналитикалык борбору Чычкан капчыгайынын экосистемасын сактоонун жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануунун маанилүүлүгүн студенттерге кабардар кылуу максатында “Чычкандагы жаратылыш ресурстарын туруктуу бекем башкаруу жана GIS” жайкы лагерин өткөргөн.
9
Sep
 
Арслан Алымбеков, ЖРТ-2024түн Алтын Сертификатынын Ээси
Арслан Алымбеков, №62 ОТК мектеп гимназиясынын окуучусу жана ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси, быйыл БААУга окууга тапшырган. Бизге курган маегинде ал БААУга тапшыруу балалык кыялы, Багыт алуу апталыгы тууралуу айтып, университеттик жашоодон эмнелерди күтүп жатканы менен ой бөлүштү.
6
Sep
 
“Борбордук Азиялык ЖОЖдордун ректорлорунун клубунун” жолугушуусу
Борбордук Азиядагы Америкалык университети Борбордук Азиянын жогорку окуу жайларынын бардык лидерлерин “Борбордук Азиялык ЖОЖдордун ректорлорунун клубунун” кезектеги “Өзгөрүүлөргө карай жол: заманбап академиялык чөйрөдөгү лидерликтин көйгөйлөрү” аталышындагы отурумуна чакырат.
4
Sep
 
Арбитражда курсту коюу: өндүрүш жана карьералык перспективалар
Биз сиздерге 13-сентябрда Бишкекте өтүүчү өзгөчө иш-чара тууралуу чоң кубануу менен маалымдайбыз. Эл аралык соода палатасынын Young Arbitration & ADR Forum форуму Kalikova & Associates юридикалык фирмасы менен биргеликте “Арбитражда курсту коюу: өндүрүш жана карьералык перспективалар” иш-чарасын уюштурат.
3
Sep
 
Дарина Дудникова, ЖРТ-2024түн Алтын Сертификатынын Ээси
ЖРТ-2024түн Алтын Сертификатына ээ болгон №65 Экологиялык-экономикалык лицейдин бүтүрүүчүсү Дарина Дудникова БААУга окууга өтүү тарыхы менен бөлүшүп, ошондой эле эмне себептен “Экономика” факультетин тандаганын айтып берди.
3
Sep
 
Бишкек шаарынын тарыхын жаратуу боюнча долбоорго кошулгула!
Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы Кыргызстан социалдык инновациялар лабораториясы SILK жана “Эсимде” коомдук фонду Ачык коом университеттеринин түйүнүнүн Open Society University Network (OSUN) грантынын колдоосу астында уникалдуу долбоордун башталып жаткандыгы тууралуу маалымдайт! Ага ылайык, ар бир жаран Бишкек шаарынын укмуштуудай тарыхынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
30
Aug
 
Ахмет Бикбулатов: “БААУ – менин ишенимдүү келечекке карай жолум”
Ахмет Бикбулатов “Социология” факультетин 2017-жылы бүтүргөн. БААУну аяктагандан кийин ал бир катар чет элдик компанияларда эмгектенип, бүгүнкү күндө баарынан да жаккан нерсеси менен алектенип келет.
28
Aug
 
Ташталган тилкеден заманбап сейил бакчага: ыктыярчылар менен студенттер шаарды кантип өзгөртүшүүдө
БААУнун Мейкерспейсинде ыктыярчылар үчүн “Жердин балдары” аталышындагы воркшоп өтүп, ага Түштүк магистралы менен А. Малдыбаев көчөсүнүн кесилишиндеги 10-кичи райондогу “Шаардагы дарыя” долбоорун ишке ашырып жаткан ыктыярчылар катышты.
27
Aug
 
ТАБ Чычканда БААУнун студенттери үчүн үчүнчү экологиялык лагерин жыйынтыктады!
Тянь-Шань аналитикалык борбору 21-августтан 25-августка чейин “Чычканда жаратылыш ресурстарын туруктуу бекем башкаруу жана GIS” жайкы лагерин өткөрдү.


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028