㽶Ӱ

БААУ жана Global Compass өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

26&Բ;марта&Բ;2021

Өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум БААУ (доктор Эндрю Качинс, Президент) менен Global Compass (Жылдыз Саттарова, Директор) ортосунда 2021-жылдын 26-мартында түзүлгөн. Өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун алкагында БААУнун студенттери Global Compass компаниясында тажрыйба арттыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай тажрыйба арттыруу студенттерге билим берүү чөйрөсүндө иштөө, билим берүү программаларын иштеп чыгуу, сатуу, кардарларды тартуу, башкаруу, өнөктөштүк мамилелерди куруу жана башка багыттарда тажрыйба берет. Аталган компанияны БААУнун бүтүрүүчүсү

Жылдыз Саттарова түптөгөн. Global Compass - бул чет өлкөдө билим алуу тууралуу баарын билген кесипкөйлөрдүн коомчулугу. Көпчүлүк кызматкерлер чет элдик ЖОЖдордо окууга тапшыруу жана окутуунун бардык баскычтарынан өтүү жеке тажрыйбасына ээ. Андыктан алар уюштуруучулук жана маалыматтык маселелерди өзүнө алышып, орношуу жана көнүшүү жактан жардам берүүгө даяр. Компания дүйнө жүзү боюнча бакалавриат, магистратура жана докторантура үчүн окутуу программаларын сунуштайт. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн мектеп-интернаттарынын программасы, каникулдар программасы, тил курстары жана футболдук/теннистик академиялар бар. Компания кардарлар үчүн жеке тил курстарын таап берет жана документтерди чогултуунун бардык процессин, окууга кабыл алууну жана окууга сапар алууну толугу менен көзөмөлгө алат.

Тажрыйба арттыруунун мындай мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Эгер сиз буга кызыкдар болсоңуз, анда бул тууралуу катыңызды жана резюменизди Info@globalcompass.me жана Trainingcenter@globalcompass.me даректерине жөнөтүңүз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028