㽶Ӱ

БААУ жана Билим берүү демилгелеринин фондунун ортосунда өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум

30&Բ;марта&Բ;2021

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум БААУ (доктор Бермет Турсункулова, Өнүктүрүү боюнча директор) жана Билим берүү демилгелеринин фонду (БДФ) @educational_initiatives_kg (Меерим Абдрахманова, EIF директору) тарабынан 2021-жылдын 30-мартында түзүлдү. Фонд өз ишмердүүлүгүн 2018-жылы баштаган. Уюмдун негизги максаты - жаштардын ар тараптан өнүгүүсүнө түрткү болуу жана алардын экономика, билим берүү жана маданият тармактарында эмгек рыногунда суроо-талапка ээ квалификациялуу адис болуп чыгуусу үчүн жардам берүү. Фонд билим алууга жетүүгө мүмкүндүк берүүгө түрткү болот, жеке билим берүү демилгелерин жана билим алууга умтулган жаштарды колдойт. Өнүктүрүү кеңсеси биздин студенттер үчүн тажрыйба арттыруу жана стипендия алуу мүмкүнчүлүктөрүн тартуулаган мекемелер менен андан-ары кызматташууга бүт күч-аракеттерин жумшайт.

Биз сиздерге БДФ менен алдыдагы пландарыбыз тууралуу маалыматтарды берип турабыз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028